
Федерация борьбыКыргызской Республики
Варшава шаарында өткөн *Ziółkowski, Pytlasinski, Poland Open* эл аралык турнириндеги мелдештерин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамасы Варшава шаарында өткөн *Ziółkowski, Pytlasinski, Poland Open* эл аралык турнириндеги мелдештерин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Мелдешке дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн күчтүү балбандар катышып, спортчулар бир нече салмак категорияларында күч сынашты. Кыргызстандын улуттук курамасы турнирдин жыйынтыгында 3 медаль — 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болду.
🥇 Раззак Бейшекеев — 1-орун, 67 кг салмак категориясы.
🥇 Асан Жанышов — 1-орун, 87 кг салмак категориясы.
🥉 Афтандил Таалайбек уулу — 3-орун, 63 кг салмак категориясы.
Командалык эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы 2-орунду ээледи.
Спортчулардын бул ийгилиги эл аралык аренада кыргызстандык балбандардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү.
Кыргызстандын улуттук курамасын жана машыктыруучулар курамын ийгиликтүү жыйынтык менен куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде жаңы жеңиштерди жана жогорку жетишкендиктерди каалайбыз!
Другие новости

Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
2026-жылдын 24-октябрынан 1-ноябрына чейин Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.


Кыргызстандын балбандары Орусиядагы «Жеңиш лигасы» турниринде 6 медаль жеңип алышты
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Орусияда өткөн «Жеңиш лигасы» аттуу турнирге катышып, өлкөбүздүн капчыгына 6 медаль алып келишти. Анын ичинен 3 алтын жана 3 коло медаль бар.



