Главная/Новости/Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Поделиться новостью
Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Федерация борьбы
Кыргызской Республики
Дата публикации21.10.2026
Время чтения1 мин

Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

2026-жылдын 24-октябрынан 1-ноябрына чейин Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Дүйнөлүк деңгээлдеги бул мелдешке Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын спортчулары да катышат. Кыргызстандык балбандар чемпионатта күрөштүн үч түрү боюнча күч сынашат:

  • Эркин күрөш

  • Грек-рим күрөшү

  • Кыз-келиндер күрөшү

Спортчуларыбыз дүйнөлүк аренада Кыргызстандын намысын коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетүү үчүн килемге чыгышат.

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы улуттук курама командабызга ийгилик каалап, балбандарыбызга татыктуу күрөш көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушун каалайт!

Алга, Кыргызстан!



Есть вопрос или предложение? Напишите нам.

Подтвердите, что вы человек