
Федерация борьбыКыргызской Республики
Кыргызстандын балбандары Орусиядагы «Жеңиш лигасы» турниринде 6 медаль жеңип алышты
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Орусияда өткөн «Жеңиш лигасы» аттуу турнирге катышып, өлкөбүздүн капчыгына 6 медаль алып келишти. Анын ичинен 3 алтын жана 3 коло медаль бар.
Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту:
🥇 1-орун:
Байхожаев Умар
Искендербеков Тарел
Сагымбеков Абдусамий
🥉 3-орун:
Субанов Эгемен
Урматов Байаман
Осоров Аббас
Кыргызстандык балбандар мелдеште татыктуу деңгээлде күрөшүп, өлкөбүздүн намысын коргоп, ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, мындан аркы мелдештерде жаңы жеңиштерди жана бийик ийгиликтерди каалайт!
Другие новости

Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
2026-жылдын 24-октябрынан 1-ноябрына чейин Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.


Кыргызстандын балбандары Азиада-2026да күрөштүн үч түрү боюнча күч сынашат
Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия оюндарына спорттук күрөштүн үч түрү — эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча катышат.



