
Федерация борьбыКыргызской Республики
U17 жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Бакуда башталды
Азербайжандын борбору — Бакуда — 17 жашка чейинки спортчулар арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Мелдеш 27-июлдан 2-августка чейин United World Wrestling (UWW) уюмунун эгидасы алдында өтөт. Мелдешке дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген күчтүү жаш балбандар катышууда. Бир жуманын ичинде грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча медалдар ойнотулат. Кыргыз Республикасынын намысын дүйнөлүк биринчиликте даярдыктан жана улуттук тандоодон ийгиликтүү өткөн мыкты спортчулар коргойт. Курама команданын көптөгөн мүчөлөрү үчүн Дүйнө чемпионатына катышуу спорттук карьерасындагы маанилүү этап жана эл аралык аренада өзүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк болот. Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы улуттук курама командага дүйнөлүк биринчиликте ийгиликтүү чыгууларды, татыктуу беттештерди жана жогорку жыйынтыктарды каалайт.
Другие новости

Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
2026-жылдын 24-октябрынан 1-ноябрына чейин Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.


Кыргызстандын балбандары Орусиядагы «Жеңиш лигасы» турниринде 6 медаль жеңип алышты
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Орусияда өткөн «Жеңиш лигасы» аттуу турнирге катышып, өлкөбүздүн капчыгына 6 медаль алып келишти. Анын ичинен 3 алтын жана 3 коло медаль бар.



