Главная/Новости/Кыргызстан UWWнин Венгриядагы рейтингдик турниринде беш медаль жеңип алды
Поделиться новостью
Кыргызстан UWWнин Венгриядагы рейтингдик турниринде беш медаль жеңип алды
Федерация борьбы
Кыргызской Республики
Дата публикации20.07.2026
Время чтения1 мин

Кыргызстан UWWнин Венгриядагы рейтингдик турниринде беш медаль жеңип алды

#инфраструктура#новость

 Венгриянын Будапешт шаарында Polyák Imre & Varga János Memorial эл аралык рейтингдик турнири жыйынтыкталды. Бул мелдеш United World Wrestling (UWW) уюмунун 2026-жылдагы рейтингдик сериясынын акыркы этабы болду. Мелдешке Олимпиада оюндарынын, дүйнө чемпионаттарынын жана континенталдык биринчиликтердин байге ээлерин кошкондо, дүйнөнүн эң күчтүү балбандары катышты. Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы турнирде татыктуу чыгып, төрт медаль жеңип алды. Алтын медалды жеңип алган: • Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 кг чейин. Күмүш медалдын ээси: • Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 кг чейин. Коло медалдарды жеңип алышкан: • Кайыргүл Шаршенбаева — кыз-келиндер күрөшү, 72 кг чейин; • Гүлнура Таштанбекова — кыз-келиндер күрөшү, 65 кг чейин. Кыргызстандык спортчулардын ийгиликтүү чыгышы улуттук курама команданын медалдар санын толуктап, маанилүү рейтингдик упайларды топтоого жана United World Wrestling дүйнөлүк рейтингиндеги позицияларын бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Будапешттеги турнир алдыдагы дүйнө чемпионаттарына жана сезондун башка эл аралык мелдештерине даярдык көрүүдөгү негизги этаптардын бири болду.

Есть вопрос или предложение? Напишите нам.

Подтвердите, что вы человек