
Федерация борьбыКыргызской Республики
Кыргызстандын балбандары Түркияда өткөн эл аралык турнирде үч медаль жеңишти
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Түркияда өткөн Hasan Gemici & Gazanfer Bilge эл аралык турниринде ийгиликтүү чыгышты.
Мелдештин жыйынтыгында биздин команданын өкүлдөрү үч медаль — бир алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болушту.
🥇 Безат Алмаз Уулу — 1-орун, 57 кг чейинки салмак категориясы.
🥈 Малик Шаваев — 2-орун, 86 кг салмак категориясы.
🥉 Таирбек Жумашбек уулу — 3-орун, 65 кг салмак категориясы.
Спортчуларды жана машыктыруучулар курамын ийгиликтүү чыгышы менен куттуктайбыз жана эл аралык аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Другие новости

Астанада чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
2026-жылдын 24-октябрынан 1-ноябрына чейин Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.


Кыргызстандын балбандары Орусиядагы «Жеңиш лигасы» турниринде 6 медаль жеңип алышты
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Орусияда өткөн «Жеңиш лигасы» аттуу турнирге катышып, өлкөбүздүн капчыгына 6 медаль алып келишти. Анын ичинен 3 алтын жана 3 коло медаль бар.



