Главная/Новости/Күрөш федерациясы Иса Исаковду дүйнө чемпионатындагы коло медалы менен куттуктады
Поделиться новостью
Күрөш федерациясы Иса Исаковду дүйнө чемпионатындагы коло медалы менен куттуктады
Федерация борьбы
Кыргызской Республики
Дата публикации25.08.2026
Время чтения1 мин

Күрөш федерациясы Иса Исаковду дүйнө чемпионатындагы коло медалы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча балбаныбыз Иса Исаковду Братислава шаарында өткөн U20 жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

Мелдештин жыйынтыгында Иса Исаков дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болуп, эл аралык аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоду.

Спортчунун жетишкендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Спорттук күрөш федерациясы балбанга жана анын машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырды.

Иса Исаковду жана анын машыктыруучусун ийгиликтүү чыгышы менен куттуктайбыз! Алдыдагы мелдештерде жаңы жеңиштерди, жогорку жыйынтыктарды жана ийгиликтерди каалайбыз!

Есть вопрос или предложение? Напишите нам.

Подтвердите, что вы человек